​Тажикстандын аскерлери жана генералы Максат айылына куралчан келишкени чындык (Фактчекинг)

2-май күнү, YouTube социалдык тармагында “Менин эркин Тажикстаным” аттуу видео жүктөлгөн. Видеодон, пулемет жана автоматтар менен куралданган аскерлерди жана Тажикстандын желегин көрүүгө болот.

Кээ бир социалдык тармактын колдоонуучулары бул Лейлек районундагы Максат айылы экенин жана бул Кыргызстанга куралдуу кол салуу болгонунун анык далили экенин айтышкан.

​Тажикстандын аскерлери жана генералы Максат айылына куралчан келишкени чындык (Фактчекинг)

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

Видеодо, “Максат айылы деген жазуу даана көрүнгөн. Ошондой эле, “Анарбай Ата” деп аталган май куюу жайы да көрсөтүлгөн. Максат айылынын тургуну Шайбек Абдурахимовдун айтымында, аталган станция айылдын кире беришинен орун алып, эскилиги жетип калгандыктан көп жылдардан бери иштетилбей турат.


















Генерал Мухаммадзода Хуршед Изатулло да келген

“Максат” айылына келген аскерлердин арасында Тажикстандын Ички иштер министрлигинин генерал майору Мухаммадзода Хуршед Изатулло да бар. Ал, аскерлерге чек арадагы жерлерди көрсөтүп жатканын байкоого болот.

Тажикстандын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Мухаммадзода Хуршед Изатулло 1990-жылдын 13-майынан бери ички иштер органдарында кызмат өтөйт. Өкмөттүк «Спитамен» жана «Жасорат» медалдары менен сыйланган.

Видеодо генералдын жанында жүргөн аскерлер, оор ок атуучу куралдар менен куралданганын көрүүгө болот. Алардын бири, 23-февралда Дүйшөмбүдө өткөн аскердик парадда көрсөтүлгөн.

Аталган снайпердик курал, 1500 метрге чейинки аралыкка таамай атып, 40 тан ашуун ок салууга ылайыктуу экени белгиленген.

Мындан сырткары, снаряддар дагы бар экени көрсөтүлүп, автоунаалардын үстүндө Тажикстандын желеги илинген.

Ал эми, 3-май күнү, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Баткен Облусунда кагылышууда жарылбай калган бир канча снаряд табышкан.

Белгилей кетсек, Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал 28-апрелде башталып, көп өтпөй куралдуу кагылышууга айланган. Бул кагылышуудан Кыргызстандан 36 киши каза болуп 189у ар түрдүү жаракаттарды алган.

Жыйынтык: Бул видеонун качан тартылганын аныктоо мүмкүн эмес. Бирок, Тажикстандын аскерлери жана генералы Лейлек районундагы Максат айылына келгени чындык.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты