​5600 сомго жашаса болот. Бирок 1кг картошка, 1 кг макарон менен

Улуттук статистика комитети 2020-жылдын 1 айга керектелүүчү каражаттын минималдуу суммасын чыгарган. Ага ылайык республика боюнча бир жаранга 5562 сом минималдуу сумма болуп эсептелет. ПолитКлиника медиасы 5600 сомго канча азык-түлүк келерин эсептеп көрдү.

Улуттук статистика комитети тарабынан бул сумма жашоо-тиричиликке керектелген негизги көрсөткүчтөргө таянып чыгарат. Бул сумманын 65%ын азык-түлүк, 16%ын азык-түлүк эмес товарлар, 17%ын кызмат көрсөтүүлөр жана 2%ын салыктар түзөт. Азык-түлүк корзинасынын энергетикалык баалуулугу 2101 килокалорий түзөт.

Жогорку Кеңештин жалпы отурумунда депутат Дастан Бекешев премьер-министрликке талапкер Улукбек Мариповго “5600 сомго жашаса болобу?” деген суроону берген.

“5600 сомго жашаса болот, бирок кыйын”,- деп жооп берген Улукбек Марипов.

Биздин редакция Ош базарына барып, азык-түлүк корзинасында көрсөтүлгөн азыктардын баасын сурап келди.

Төмөндөгү таблицада азыктардын бааларынын эң минималдуусу көрсөтүлдү.

Жогоруда көрсөтүлгөн азыктарды бир килограммга (литрге) эле эсептегенде 3178 сом чыкты. Бирок, бул бир сатып алууга кеткен каражат, бул азыктар менен бир адам бир ай бою тамактанышы керек.

Бир килограмм картошка канча күнгө жетет?

Эсептөө боюнча керектелүүчү минималдуу суммадан 910 сом кызматтарга, 110 сом салыктарга, 860 сом азык-түлүк эмес каражаттарга көрсөтүлгөн.

Азык-түлүккө жана жогорудагы кызматтарга жалпысынан 5058 сом коротулду. Жалпы суммадан 502 сом артты.

Мындан сырткары, Улуттук статком белгилеген суммага башка кызматтар каралган эмес. Мисалы, транспорт, кийим-кече, дары-дармек, коммуналдык кызматтар ж.б. Транспорт үчүн маршруттук такси менен бир айда бир тарапка барып келүү үчүн (20 сом) 600 сом коройт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты