​Коронавирус пандемиясы учурунда үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун өскөнү чын (Фактчекинг)

Британиялык The Guardian басылмасы, коронавирус пандемиясынан улам дүйнө жүзү боюнча “көмүскөдөгү пандемия” деп аталган үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун өскөнүн жазып чыккан. Ага, бир катар өлкөлөрдө чек аралардын жабылышы, адамдардын жумушсуз үйдө көп убакытка отуруп калуусу себеп болгон деп белгилеген.

Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун Кыргызстанда да күч алып жатканын Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева айтып чыккан.

ПолитКлиника медиасы, Кыргызстанда пандемия жана карантин учурунда үй-бүлөлүк зомбулуктун канча пайызга көбөйгөнүн жана мурдагы жылдарга салыштырмалуу кандай өзгөргөнүн текшерип көрдү.

Үй-бүлөлүк зомбулук 65% га өскөн

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда өткөн жылдарга салыштырмалуу 2020-жылдын январынан октябрь айына чейин үй-бүлө ичиндеги зомбулуктун саны бир кыйла өскөн.

Ага ылайык, 2019-жылы үй-бүлөлүк зордук-зомбулук фактысы менен 6145 факты катталса, 2020-жылдын январь айынан октябрь айларынын аралыгында жалпы 7669 учур катталган.

Дүйнө жүзүндө коронавирус пандемиясы жаңы башталган учурду карап көрө турган болсок, январь айынан март айына чейин Кыргызстанда зомбулук өскөн. Маалыматка ылайык 3 ай аралыгында зомбулук фактысы менен 2319 кайрылуу катталган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөн 65% га көп болгон.

Ал эми, зомбулуктун түрлөрү боюнча карап көрө турган болсок, 2019-жылга салыштырмалуу 2020-жылы үй-бүлө ичиндеги физикалык зомбулук 49,5% га, психологиялык зомбулук 109,2% га өскөн. Мындан сырткары, диаграммадан сексуалдык жана орой мамиле фактыларынын көбөйгөнүн да байкоого болот.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 22-марттан баштап карантиндик чектөөлөр киргизилген. Чектөөлөрдүн негизинде, өлкө ичиндеги бардык социалдык жана экономикалык кыймыл-аракеттер токтотулуп, бул абал 10-майга чейин уланган. ИИМдин маалыматына ылайык, карантин убагында үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча 325 факты катталып алардын 274ү Бишкек шаарында болгон.

“Балдардын укуктарын коргоочулар лигасынын” жетекчиси Назгүл Турдубекова Бишкек шаарында үй-бүлөлүк зомбулуктун күчөшүнө карантин убагында жашоочулардын толугу менен үйдө камалып калуусу себеп болгонун айтат:

Коронавирус пандемиясы учурунда дүйнө жүзүндө, анын ичинде Кыргызстанда да үй-бүлөлүк зордук-зомбулук күчөдү. Анткени, мурда зомбулукка кабылгандардын үйүнөн качып кетүү мүмкүнчүлүгү бар болсо, карантин убагында баары үйдө отурууга аргасыз болушту. Айрыкча Бишкек шаарында, “Өзгөчө кырдаал” учурунда айылдардан айырмаланып, эшикке чыгуу чектелди. Бул өз учурунда ар кандай стресстердин жана чыр-чатактардын орун алышын шарттады. Мындан сырткары, Бишкекте Кыргызстандын башка жерлерине салыштырмалуу кризистик борборлор жана жардам берүү пункттары жеткиликтүү болгондуктан көпчүлүк учурда статистикада ушундай көрсөтүлүп калат”, — деп билдирди.

Карантин учурунда “Ишеним телефондоруна” чалгандар көп болгон

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана Социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматы боюнча, пандемия убагында ишеним телефонуна чалуулардын саны кескин көбөйгөн. 2020-жылдын 4 айында жалпы чалуулардын саны 2440ты түзүп , анын 191и же 7,8% балдардан келип түшкөн.

Мындан сырткары, зомбулукка кабылган аялдарга көмөк көрсөтүп келе жаткан “Сезим” кризистик борборуна да 23-марттан 28-апрелге чейин республиканын 5 регионунан 92 кайрылуу келип түшкөн.

Аталган кризистик борборунун директору Бүбүсара Рыскулова “Өзгөчө кырдаал” учурунда кайрылгандардын санынын көп болушу экономикалык жана социалдык кыйынчылыктардан улам болгонун белгиледи:

“Карантин учурунда “Сезим” кризистик борборуна келген телефон чалуулардын саны көп болду. Биз,4 телефон менен күнү-түнү зомбулукка кабылгандар менен байланышып жаттык. Өзгөчө пандемия учурунда зордук-зомбулуктун өскөнүнө, үй-бүлө мүчөлөрүнүн көп убакытка жумушу жок отуруп калышы себеп болду. Мисалы:“15 жыл жашаган жолдошумдун ушундай орой мүнөзү бар экенин билген эмесмин, карантин учурунда бири-бирибизди башка жагыбыздан тааныдык”,- деп кайрылган аялдар дагы болду”,— деп билдирди.

Белгилей кетсек, Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына ылайык, пандемия учурунда дүйнө жүзү боюнча, ишеним телефонуна чалуулардын саны беш эсеге көбөйгөн.

Жыйынтык: Кыргызстанда коронавирус пандемиясы жана карантин учурунда, үй-бүлөлүк зордук-зомбулук өскөнү чын.

Сүрөт: TV2.Today

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты