Азимбек Бекназаров Малайзиядагы элчи болуп дайындалды

  • 4 года мурун

Азимбек Бекназаров Кыргызстандын Малайзиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчи болуп дайындалды.

Бул тууралуу жарлыкка ПрезидентСооронбай Жээнбеков кол койду.

Кечээ, 25-декабрдагы маалымат жыйынында Президент Жээнбеков мындай деп айтты;

— Менин сунушум болду. Малайзияга барып жакшы иштеп берет деп ишенем. Кыргызстандын тарыхында эл арасынан суурулуп чыгып, өз оюн элге жакса, жакпаса да айтып жүргөн адамдарды билем. Мисалы, эгемендиктин алгачкы жылдарында Топчубек Тургуналиев, Турсунбек Акун, Жыпар Жекшеев болгон. Мен аларды сыйлайм. 2000-жылдары алардын катарына Бекназаров кошулду. Ал — тарыхый инсан. Алардын тагдыры оңой болгон жок., -деди Президент.

Азимбек Бекназаровдун кесиби — юрист, 2005-жылы баш прокурор болуп иштеген. Мурда элчилик кызматта иштеген эмес.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты