Бишкекте ысык суу бир айга токтотулду

  • 5 лет мурун

Бүгүнтөн, 6-майдан, баштап 6-июнга чейин Бишкек шаарында ысык суу берүү токтотулду.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов 26-апрелде №100 буйрукка кол койгон.

Ысык суу токтотулушу «Бишкек жылуулук түйүнү» жана «Бишкек жылуулук энерго» ишканасынын кышка карата оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу экени айтылды.

Калк Бишкекте ысык сууга бир кишиге айына 309 сом 08 тыйын төлөйт, эсептегич менен куб.м 64 сом 38.

6-майдан 6-июнга чейин ысык суу токтотулгандыгына байланыштуу ысык сууга акы төлөнбөйт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты