Райым Матраимовдун мүлкү текшериле баштады

Райым Матраимовдун мүлкү текшериле баштадыЭкономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшере баштады.

Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүу кызматы билдирди.

Буга чейин ЖМКда Райым Матраимовдун заңгыраган бир канчалаган үйлөрү, машиналары, башка мүлктөрү саналып жана ал байлыктарды кантип топтогону текшерүүгө алынбай жаткандыгы тууралуу айтылып келген. Эл арасында  ошол байлыктарынын айынан Матраимов “Райым миллион” атка конгон.

Кечээ жакында Бажы кызматынын төрагасы Алмаз Оңолбеков Райым Матраимовду бажы тармагынын тажрыйбалуу адиси катары мактап өткөн.

Сапар Исаков  Матраимовду кызматтан алып, көп узабай өзү да кызматынан кол жууган. 2018-жылдын апрель айында Матраимов иштен негизсиз кеткенин айтып, Өкмөттү сотко берген. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту “Матраимов иштен мыйзамсыз алынган” деп тапкан.

Жыл аяктаар алдындагы басма сөз жыйынында Сооронбай Жээнбеков Матраимовдун ишмердигин текшерүүгө алуу боюнча тапшырма берээрин журналисттин суроосуна жооп берип жатып билдирген. Андан бери эч кандай иш-чара көрүлбөй келген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты