Бишкекте мектепке электрондук каттоо киргизилет

 

Бишкекте мектепке электрондук каттоо киргизилетМектепке 1-класска кирип окуу үчүн  электрондук каттооо 15-февралдан тартып киргизилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Балдарды мектепке 1-класска берүү үчун www.mektep.edu.gov.kg сайтына арыз берүү керек.

Анда бала тууралуу маалыматтарды, документтердин номерин жазат.

Биринчилерден болуп, мектеп жайгашкан жерде жашагандар катталат. Ошондой эле аскер кызматкерлеринин балдары, башка жактардан келген этникалык кыргыздар да катталат.

Арыздарды кабыл алуу 15-февралдан 15-майга чейин жургүзүлөт. Балдарды мектепке каттоо жана кабыл алуу акысыз жүргүзүлөт.

Электрондук каттоо коррупциялык схемалардын ишке ашырылышына бөгөт коймокчу.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты