УКМК: ЖЭБ ишинде мамлекетке 111 млн доллардан ашык зыян келтирилген

УКМК: ЖЭБ ишинде мамлекетке 111 млн доллардан ашык зыян келтирилгенУлуттук Коопсуздук кызматы бүгүн, 8-декабрда билдиргендей, Бишкек шаарындагы ЖЭБди модерниациялоодогу коррупциялык факты боюнча кылмыш ишин тергөө аягына чыкты.

Тергөөдө аныкталгандай, Сапар Исаков баш болгон бир катар мамлекеттик жооптуу кызматкерлер  ТВЕА компаниясы менен пайдасыз контракт түзүп, мамлекет  111 252  797  (жүз он бир миллион эки жүз элүү эки миң жети жүз токсон жети) АКШ долларына зыян тарткан.

2010-жылдын февраль айында ал кездеги ЦАРИИнин коммуникация кызматынын жетекчиси болуп турганда Сапар Исаков ЦАРИИнин кеңешмесине катышкан учурунда эки вариант каралган. Биринчиси- Дүйнөлүк банк сунуштаган, баасы 150 млн долларлык  сунуш жана  ТВЕА компаниясынын 200 млн долларлык сунушу.

ЦАРИИнин кеңешмесинин чечими менен ТВЕА компаниясынын сунушу Кыргызстандын кызыкчылыгына туура келбегени, анын баасынын жогору, техникалык жана технологиялык кемчиликтери бар экени тууралуу чечим кабыл алынган.

Ошентсе да, 2013-жылы Сапар Исаков ал кезде президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп туруп, президенттик аппараттын орун басары рангында, долбоордун ишке ашырылышын жеке кызыкчылыгынан улам өз көзөмөлүнө алып,  ТВЕА компаниясына 386 000 000 долларга башкы подрядчы болуу укугун ыйгарган.

Ошол эле кезде ТВЕА компаниясы  мындай долбоорду аткарууга тажрыйбасы, квалификациясы жетпегени эске алынган эмес жана техникалык-экономикалык негиздемеси, долбоорлоо-сметалык документтери түзүлгөн эмес.

Улуттук Коопсуздук кызматы бүгүн ушундай маалымат таратты.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты