Райым Матраимов боюнча райсот чечими күчүндө калды

Райым Матраимов боюнча райсот чечими күчүндө калдыБажы кызматынын экс-төрагасы Райым Матраимовдун ишин бүгүн, 28-декабрда, Бишкек шаардык соту карады.

Шаардык сот Биринчи май  райондук соттун чечимин күчүндө калтырганын Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Мурда райондук сот Бажы кызматынын мурунку төрагасын кайра кызматка коюу тууралуу чечим чыгарган.

Райым Матраимов ал кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйруеу менен кызматтан четтетилген.

Коомчулукта Матраимов “Райым миллион” деген лакап ат менен белгилүү болуп, бажыдагы коррупциялык иштерге тиешеси бар экени айтылып келет.

Соттун чечиминен улам Райым Матраимов Бажы кызматына кайра төраганын орун басарлыгына барганы калды окшойт деп божомолдоого болот.

Жакындагы басма сөз жыйынында Президент Сооронбай Жээнбеков Матраимовдун мүлкү тууралуу айтылгандар текшерүүгө алына турганын билдирген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты