Келдибеков “Апрель” телеканалы менен Атамбаевди сотко берди

Келдибеков “Апрель” телеканалы менен Атамбаевди сотко бердиЖК экс-төрагасы Ахматбек Келдибеков “Апрель” телеканалы менен экс-президент Алмазбек Атамбаевди сотко берди.

Бул доого Азимбек Бекназаров менен Кеңешбек Дүйшөбаев да кошулду.  Доонун суммасы ар бир саясатчы 3 млн доллардан, жалпы сумма  18 млн долларлык!

Бул доо арызды жазууга Алмазбек Атамбаев учредители болуп саналган “Апрель” телеканалындагы Атамбаевдин Келдибеков, Бекназаров, Дүйшөбаев тууралуу айткандары негиз  болду.

“Апрель” телеканалына берген интервьюсунда экс-президент Атамбаев Келдибеков менен Түлеев мамлекеттик кызматтарда иштеп туруп, мультимиллионер болуп кеткенин, ал эми Бекназаров менен Дүйшөбаев төңкөрүш менен революциялардан жеке материалдык киреше табаары тууралуу айткан.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты