Зындан көлүндө жырылган абал турукташып, эвакуациялангандар үйлөрүнө кайтты

  • 4 недели мурун

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун аймагында абал турукташкандыгына байланыштуу, 22-августта коопсуз жайга эвакуацияланган жарандар үйлөрүнө кайтышты.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар минситрлиги (ӨКМ) билдирди.  

Айыл аймак тарабынан 2 экскаватор, жүктөгүч, бульдозер тартылып, коктудан түшкөн суунун нугун Тоң суусуна буруп, суу каптоо коркунучу жоюлган.

Учурда жеринде райондук жарандык коргонуу кызматтарынан турган нөөмөт уюштурулган.

21-августта Зындан көлү жырылып, Б.Мамбетов айыл аймагына тиешелүү Туура-Суу айылына, Балык завод тилкесинде жашагандарга кооптуулук жаралган.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты