Жыпариса Рысбекова президенттик администрациянын тармактык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды

  • 3 месяца мурун

Рысбекова Жыпариса президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары — тармактык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Бул тууралуу тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу президенттин сайтында маалымат берилди.

Буга чейин Жыпариса Рысбекова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары кызматынан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун буйругу менен бошотулган.

Сүрөттө: Жыпариса Рысбекова. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты