Жыл башынан бери салыктан жана камсыздандыруудан 211,4 млрд сом түшкөнү айтылды

  • 2 дня мурун

Мамлекеттик салык кызматы 2024-жылдын январь-сентябрь айларында 211 млрд 446,2 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жалпы сумманын 157 млрд 117,8 млн сомун салыктар жана төлөмдөр, ал эми 54 млрд 328,4 млн сомун камсыздандыруу төгүмдөрү түзгөн.

Бул жылы төгүмдөр былтыркыдан 32,7 млрд сомго көп чогулган. Ошондой эле «белгиленген план 7,6 млрд сомго ашыгы менен аткарылганы» белгиленди.

«Салыктар жана төлөмдөр өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 25,06 млрд сомго көп жыйналды. План 1 млрд сомго ашыгы менен аткарылды. Камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7,7 млрд сомго өстү. Пландык көрсөткүчтөр 6,6 млрд сомго ашыгы менен аткарылды»,-деп айтылат маалыматта.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты