Жыл башынан бери 518 этникалык кыргыз кайрылман макамын алды

  • 2 месяца мурун

Акыркы жарым жыл ичинде Өзбекстан, Тажикстан, Кытай, Орусия, Түркия, Ооганстан жана башка өлкөлөрдөн келген 518 этникалык кыргыз кайрылман макамын алды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Маалыматта айтылгандай, кайрылман макамына ээ болгон этникалык кыргыздар жөлөкпулдарды жана пенсияларды алууга укуктуу. Саламаттыкты сактоо жаатында, билим алууда жана ишке орношууда жардамдарды ала алышат. Ошондой эле Кыргызстандын жарандары менен бирдей негизде Жер кодексине ылайык айыл чарба жерлерин кыска мөөнөттүү пайдалануу укугуна ээ болушат.

«Кайрылман макамын УКМКнын, Ички иштер министрлигинин, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жана Санариптик өнүктүрүү министрлигинин, Калкты каттоо департаментинин өкүлдөрүнөн турган ведомстволор аралык комиссия берет. Өтүнүчтү кароонун мөөнөтү 2 айды түзөт»,- деп айтылат маалыматта.

Министрликтин берген маалыматы боюнча, эгемендүүлүктү алгандан бери Кыргызстандын аймагына 70 миңден ашуун этникалык кыргыздар көчүрүлгөн. Алардын ичинен 65 миң адам Кыргыз Республикасынын жарандыгын алышкан.

Сүрөт: Интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты