Журналист Адыл Акжол уулуна дагы бир айып тагылганы айтылды  

  • 2 недели мурун

Ош облустук ички иштер башкармалыгы Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын (УТРК) директорунун мурдагы орун басары Адыл Акжол уулуна дагы бир айып тагылганын билдирди.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 22-июлунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгына журналистке каршы жеке ишкер арыз жазган. Ал Адыл Акжол уулу ишканасына байланыштуу тартылган видеону Ютуб каналынан өчүрүү үчүн көп суммадагы каражат талап кылып жатканын билдирген.

Бул факты боюнча Өзгөн райондук ички иштер бөлүмү жана УКМК тергөөгө чейинки текшерүү иштерин баштаган. Ага кылмыш-жаза кодексинин “Опузалап талап кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын (УТРК) директорунун мурдагы орун басары Адыл Акжол уулу Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 5-августтагы чечими менен №1 тергөө абагына 4-октябрга чейин камакка алынды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ага кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып таккандыгы  белгилүү болду.

Адыл Акжол уулу өткөн жылы июль айында УТРКнын директорунун орун басары болуп дайындалып, бул кызматтан быйыл март айында кеткен.

Адыл Акжол уулу блогер катары таанымал. Анын өзүнүн аты-жөнү менен ачылган Ютуб каналында 800 миӊге жакын катталуучусу бар.

Сүрөттө: Адыл Акжол уулу. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты