Жумушсуз жүргөн мигранттардын үй-бүлөлөрүнө Орусияга кирүүгө тыюу салынышы мүмкүн

  • 2 месяца мурун

Расмий жумуш орду жок жана ишсиз жүргөн мигранттардын үй-бүлөлөрүнө Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынышы мүмкүн.

Орусиянын Коопсуздук кеңеши Ички иштер министрлиги баштаган тиешелүү мекемелерге бул маселени изилдеп чыгып, өлкөгө чет элдик жумушчулардын үй-бүлөлөрүнүн киришин чектей турган мыйзам долбоорун иштеп чыгуу тапшырмасын берди.

Орус бийлигине жакындыгы бар Baza Telegram-каналы кабарлагандай, жакында эле Мамлекеттик Думага мигранттардын балдарын мектепке кабыл алууда орус тили боюнча сынак тапшырууга милдеттендире турган мыйзам долбоору киргизилгенин жазды.

Орусияда акыркы айларда өлкөдөн мигранттарды чыгаруу зарылдыгы жөнүндө көп айтыла баштады. Буга чейин Мамдуманын вице-спикери Петр Толстой мигранттардын санын азайтуу үчүн «эгер мигрант өлкөгө жалгыз келсе, кайра жалгыз кетиши керек» деген принципти киргизүүнү сунуштаган. Орусиядагы аткаминерлердин көбү мигранттарга каршы багытталган мыйзамдарды колдоп, айрымдары гана аларды өлкөдөн чыгарууга каршы болууда.

Өткөн жумада Орусия ИИМи административдик тартип бузуулар жөнүндөгү кодекске чет элдиктерди кайсы бир мыйзамдарды бузду деген негизде өлкөдөн чыгарууга мүмкүндүк бере турган кеминде 20 берене киргизүүнү сунуштаган. Ал беренелердин көпчүлүгү коомдук тартип, коопсуздук, анын ичинде экстремизмге каршы күрөш жаатындагы укуктарды коргоого багытталганы кабарланган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты