“Жумушсуз атасы же таанышы”. Кыргызстанда балдарды зордуктагандар кимдер?

“Жумушсуз атасы же таанышы”. Кыргызстанда балдарды зордуктагандар кимдер?

*Каармандардын аттары өзгөртүлдү

Айгүл 3-класста окуп жүргөндө атасы түрмөдөн чыгып келип, бир үйдө чогуу жашай башташкан. Ошол мезгилден тартып атасы аны “эркелетип”, колу менен жыныстык мүчөсүн кармалай турган адат тапкан. Кийин эки жыл бою системдүү түрдө зордуктап жүргөн. Айгүл айылдан борбор шаарга келген учурда коомдук транспортто эс-учун жоготуп коюп, туугандары ооруканага алып барышат. Ооруканада кыз коркконунан өз атасы зордуктап жүргөнүн айтып берет. 

Уккандын төбө чачын тик көтөрчү мындай окуялардын саны барган сайын көбөйүп жатканы массалык маалымат каражаттарындагы жана социалдык тармактардагы талкуулардан байкалууда.

“ПолитКлиника” медиасынын дата-журналисттери акыркы 13 жылдагы сот өкүмдөрүнө анализ кылып, жашы жете электерди зордуктоого кимдер барарын билүүгө аракет кылды*.

Балдар көбүнчө тааныштары жана туугандары тарабынан зордукталат

Жети жаштагы Настя Бишкектеги кичи райондордун биринде апасы менен жашачу. Январдын суук күндөрүнүн биринде үйгө апасынын таанышы Сергей келип, спирт ичимдигин ичип отурушкан. Түн бир оокумда конок Настянын апасын жыныстык катнашка барууга мажбурлайт. Ал каршылык көрсөткөндө бычак менен сайгылап, мыкаачылык менен өлтүрүп коёт. Сергей ошол учурда жуунуучу бөлмөдөн чыгып келаткан Настяны көрүп, оозуна майлык тыгат дагы апасы менен жасай албаган ишин кызына жасайт. Ал кылмыштуу аракетин муну менен эле токтотпостон, кызды жансыз жаткан апасынын жанына алып барып, дагы зордуктайт. Андан соң кызды муунтуп өлтүрөт. Жасаган кылмышын жашыруу үчүн газды ачык калтырып, батирдин кире беришине өрт коюп чыгып кетет.

Жогорудагыдай ата-энесинин таанышы же өзү мурда-кийин көрүп жүргөн адамдардын курмандыгы болгон балдардын иши сотко жеткен иштердин басымдуу бөлүгүн түзөт. 

Жашы жете электерди зордуктагандардын көбү жумушсуз жана орто билимдүү адамдар

Камила менен Амина бир тууган эже-сиңдилер. Кыздардын апасы Мария тигүүчү болуп иштейт. Жумушка таң эрте кетип, үйгө кеч кайтат. Анын жарандык никедеги жолдошу иштебей үйдө болгондуктан, кыздары дайыма өгөй атасынын жанында калышат. Кыздардын айтымында, өгөй ата сыртка кээде гана чыгат, көбүнчө үйдө болот.

Өгөй ата бир күнү кыздардын кичүүсүн эшикке чыгарып жиберип, улуусун уктоочу бөлмөгө алып кирип, эшикти кулпулап алып, кызга сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасайт. Мындай аракеттерин бир жылдан ашык улантып жүрүп, 2015-жылдын жайында зордуктоого өтөт. Ал үйдө жок кезде кичүүсүнө карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасай баштайт. Экөөнү тең “кимдир бирөөгө айта турган болсоңор, баарыңарды өлтүрүп коем” деп коркутат. 

2017-жылдын жайында кыздардын апасы өгөй атадан уул төрөйт. Ал төрөтканада жатканда өгөй ата кыздардын улуусун өзү менен чогуу жатууга мажбурлап, бир күндө бир канча жолу зордуктайт. Кичүүсүнө карата да сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасайт.

Кыздардын апасы төрөп, иштебей үйдө отуруп калганда өгөй атанын зомбулугу азаят. Бир күнү Мария борбор калаага акча алып келүү үчүн жолго чыкканда кыздардын улуусу “бизди өгөй атам менен калтырбаңызчы” деп ээрчип, ыйлайт. Апасы ошондо кызына суроо салып, болгон окуядан кабардар болот. 

Өгөй ата жасаган кылмышы үчүн өмүр бою эркинен ажыратылган.

Педофилияга айыпталгандардын арасында Камила менен Аминанын өгөй атасына окшоп, камалганга чейин жумушсуз болгондор көпчүлүктү түзөт. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, чоңдор балдарга бир канча себептен улам зордук-зомбулук көрсөтөт. Алардын бири - финансылык жана социалдык абалынын начардыгы.

“Жумушсуз атасы же таанышы”. Кыргызстанда балдарды зордуктагандар кимдер?

Мындай көрүнүш бизде гана эмес, коңшу Казакстанда дагы кеңири жайылган. Казакстандын прокуратурасынын маалыматына ылайык, балдарга карата зомбулук жасагандардын көбү жумушсуз жана аракеч адамдар. 
“Балдар укугун коргоо лигасы” коомдук фондунун негиздөөчүсү Назгүл Турдубекованын айтымында, балдарга карата зордук-зомбулук билим деңгээли төмөн өлкөлөрдө көп катталат:

“Негизи зомбулуктун бул түрү балдар, ата-энелер жана коомчулук баланын кол тийбестик укугу бар экенин билбеген өлкөлөрдө көп кездешет. Ал эми ар бир адамдын кадыр-баркы бар экенин жана аны коргоо керек экенин түшүнгөн коомчулукта азыраак болот. Аны түшүнүү үчүн калк билимдүү болушу керек”, - дейт укук коргоочу.

Биз талдаган иштердин көбүндө айыпталуучу орто билимдүү адам болгон.

Жашы жете электерди зордуктагандар кандай жаза алышат?

Жаңы кабыл алынган Кылмыш-жаза кодексине ылайык, 14 жаштан 18 жашка чейинки өспүрүмгө сексуалдык зомбулук көрсөткөндөр 11 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылат. Ал эми 14 жашка толо элек баланы зордуктагандарга 15 жылга же өмүр бою эркинен ажыратуу түрүндө жаза каралган. Бирок көп учурда кылмышкер андан азыраак мөөнөткө эркинен ажыратылат же мунапыс алып, эркиндикке мөөнөтүнөн мурда чыгып кетет.

Айрым учурларда жабырлануучунун тосмо арызы менен иш биротоло кыскарып кетет. Биз талдаган иштердин ичинен бешөө жабырлануучунун айыптоодон баш тартканына байланыштуу кыскартылган.

Үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан зордукталган учурда балага соттук териштирүүнүн жүрүшүндө туугандары кысым көрсөткөн көрүнүштөр кездешет. Атасы эки жыл бою зордуктап жүргөн Айгүлдү атасынын туугандары “көрсөтмөңдү өзгөрт” деп кысымга алышкан. 

Назгүл Турдубекованын айтымында, жыл сайын алардын фондуна сексуалдык зомбулуктан жабыркаган отузга жакын баланын жакындары кайрылат. Уюм аларга укуктук, психологиялык жана социалдык жактан көмөктөшөт. Турдубекова атасы, өгөй атасы же жакын туугандары тарабынан сексуалдык зомбулукка кабылган балдарга жардам берүүдө көп кыйынчылыктар болорун айтат. Себеби, бул балдар жана алардын апасы туугандарынын кысымына кабылгандыктан, кылмышты жашырууга мажбур болушат.

Биз талдаган иштердин ичинен үч иштин квалификациясы өзгөрүп, башка беренелер менен кароого жөнөтүлгөн. Бир иш боюнча айыпталуучу күнөөлүү деп табылып, бирок жазага тартуу мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган. Ал эми эки айыпталуучу толугу менен акталып чыккан.

Балдарга сексуалдык зомбулук көрсөткөндөрдүн жазасын күчөтүү сунушталууда

Ушул жылдын башында парламентте сексуалдык зомбулук үчүн жазаны күчөтүү каралган мыйзам долбоору сунушталган. Анда 14 жашка толо элек балдарга сексуалдык зомбулук көрсөткөндөрдү 15 жылга эмес, 25 жылга же өмүр бою эркинен ажыратуу каралган. Долбоор ушул тапта эки окуудан өтүп, үчүнчү окууда каралганы турат. 

Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, депутат Марлен Маматалиев буга чейин сексуалдык зомбулук үчүн Кылмыш-жаза кодексинде жеңилдетилген жазалар каралганын айтып, алар сунуштаган мыйзам долбоорунда бир топ чектөөлөр киргизилгенин жана жазалардын мөөнөтү узартылганын билдирди:

“Мурда сексуалдык зомбулук үчүн эркинен ажыратылган кылмышкерлер мунапыс алып, жаза мөөнөтүн толук өтөбөй эркиндикке чыгып кетишчү экен. Биз сунуштаган мыйзам долбоорунда буларга мунапыс берилбейт. Ошондой эле бул кылмышкерлер үчүн мөөнөтүнөн мурда бошотууну дагы жокко чыгардык. Андан сырткары кылмыш ишинин мөөнөтү өткөнүнө байланыштуу ишти кыскартуу тууралуу түшүнүктү алып салдык. Эми бул иштердин мөөнөтү эскирбейт. Жаза мөөнөтүн 15 жылдан 25 жылга чейин көтөрдүк”.

Эл өкүлү жашы жете электерге сексуалдык зомбулук көрсөткөндөрдүн жазасын күчөтүү менен натыйжага жетүү мүмкүн деп эсептейт.

“Бул маселе менен күрөшүүнүн эки жолу бар. Биринчиси - бул кылмыштын алдын алуу. Экинчиси - жазаны күчөтүү. Эгер адам жаза катаал экенин билсе, ал кылмышка барбайт. А бул кылмыш үчүн кесилип, кайра бат эле бошоп келгендерди көргөн элде “Бул жөнөкөй эле кылмыш турбайбы. Сүйлөшүп, бүтүрүп алса болот турбайбы” деген пикир жаралып калат. Ошондуктан жазаны күчөтүү зарыл”, - деди Маматалиев.

Буга чейин дагы парламентте педофилдердин жазасын күчөтүү, ал тургай аларды өлүм жазасына тартуу тууралуу демилгелер көтөрүлүп келген


Балдарга карата зордук-зомбулук көрсөтүү - жашырылбашы керек болгон оор категориядагы кылмыш. Эгер сизге же сиздин жакындарыңызга зомбулук көрсөтүү коркунучу болсо, төмөнкү уюмдарга кайрылыңыз:

- Зордук-зомбулукка кабылган балдарга жардам берүү борбору: 0312442510

- Милиция: 102

- Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандарга жардам берүү борбору:  117 

- Балдар үчүн ишеним телефону: 111

- Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын ишеним телефону: 115

- «Балдар укугун коргоочулар лигасы» коомдук фонду: 0771454445

*Айрым сот актыларында купуялуулук принцибинен улам айыпталуучунун жана жабырлануучунун өздүгү тууралуу маалыматтар берилген эмес. Биз маалыматтар көрсөтүлгөн актылардын негизинде талдоо жүргүздүк. 

Биз Кылмыш-жаза кодексинин 129 (1997-жылдагы редакция), 161 (2017-жылдагы редакция) жана 154-беренеси (2021-жылдагы редакция) боюнча козголгон 81 кылмыш ишинин үстүндө иштедик. Алардын 38инде айыпталуучу жана жабырлануучу тууралуу маалыматтар берилген эмес. Маалыматтар көрсөтүлгөн сот өкүмдөрүнө купуялуулук принцибинен улам шилтеме берилген жок. 


Авторлор: "ПолитКлиника"

Менторлор: Айзада Тома, Андрей Дорожный

Иллюстрация: Алена Печенкина “ПолитКлиника” үчүн

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты