Жоомарт Карабаевдин адвокаты УКМК тергөөчүсүн сотко берди

  • 1 месяц мурун

Улуттук Илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаевдин адвокаты Акынбек Ногоев Уулуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөөчүсүн сотко берди.

Бул тууралуу адвокат “Азаттыкка” берген маегинде айтты.

Анын айтымында, тергөөчү жактоочунун Карабаевдин иши боюнча экспертиза дайындоо өтүнүчүн мыйзамда белгиленген үч күндүк мөөнөттө карабай, жооп бербегендигине байланыштуу Бишкектин Биринчи май райондук сотуна арыз жазган. Отурум 29-июлда болот.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Илимдер академиясынын мурдагы кызматкери, активист Жоомарт Карабаевди 19-августка чейин камакта калтыруу чечимин кабыл алды.

Жоомарт Карабаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине (УКМК) суракка чакырылгандыгы маалым болгон. Ал адегенде 48 саатка камакка алынган.

Буга чейин ал атайын мекеменин ишмердүүлүгү менен макул эместигин билдирип, бир катар иштер боюнча экспертизага катышуудан баш тарткан. Карабаев Илимдер академиясы атайын кызматтын айтканы менен экспертиза берип жүргөнүн айтып келген. Бул тууралуу ал Олжобай Шакирдин сот процессинде да айткан.

Жоомарт Карабаевдин адвокаты аны кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү, массалык баш аламандыкка чакырык боюнча айыптаганын билдирген. Адвокат аталган берене боюнча кылмышка шектенүүгө негиз жок деп эсептейт.  

Сүрөттө: Жоомарт Карабаев. Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты