Жоомарт Карабаев: ”УКМК кызматкерлеринин майзамсыз иштерин ачыктап, куугунтукка кабылдым”

Бүгүн, 8-октябрда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Улуттук Илимдер академиясынын мурдагы кызматкери, активист Жоомарт Карабаевдин иши боюнча биринчи соттук отурум башталып, бирок 14-октябрга жылдырылды.

Соттук отурумдан кийин Жоомарт Карабаев журналисттердин суроосуна жооп катары буларды билдирди:

“Мен, коюлган айыптар боюнча күнөөмдү мойнума албайм. Мен эч качан бийликти басып алууга же массалык баш-аламандыктарга чакырык салган эмесмин. Болгону УКМК кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттерине каршы, мыйзамсыз иш-аракеттерин ачыктагам, ошон үчүн куугунтукка кабылдым” деп билдирди.   

Бүгүн, 8-октябрда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Жоомарт Карабаевдин иши боюнча биринчи соттук отурум 14-октябрга жылдырылды.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Карабаевди 19-сентябрга чейин камакта калтырган.

Буга чейин ал атайын мекеменин ишмердүүлүгү менен макул эместигин билдирип, бир катар иштер боюнча экспертизага катышуудан баш тарткан.

Карабаев Илимдер академиясы атайын кызматтын айтканы менен экспертиза берип жүргөнүн айтып келген. Бул тууралуу ал жазуучу Олжобай Шакирдин сот процессинде да айткан.

Жоомарт Карабаев кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү, массалык баш аламандыкка чакырык боюнча айыпталган. 

Видео: «ПолитКлиника»

Сүрөт: Бектур Оргубаев/»ПолитКлиника». 8-октябрь 2024-жыл. Биринчи май райсоту 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты