Жоомарт Карабаев үй камагына чыкты
- 1 неделя мурун
Бүгүн, 31-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту эксперт Жоомарт Карабаевди үй камагына чыгарды. Бул тууралуу укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды.
Укук коргоочунун айтымында, сот Жоомарт Карабаевди ооруканада жаткан апасына кам көрүшү үчүн үй камагына чыгарган. «Бирок Жоомарт өзү да бир топ арыктап кеткен, ал да (ред. ооруканада) текшерилиши керек»,- деп жазган Абдирасулова.
Эске салсак, Улуттук Илимдер академиясынын мурдагы кызматкери, активист Жоомарт Карабаев Илимдер академиясы атайын кызматтын тапшырмасы менен экспертиза берип жүргөнүн айтып келген. Бул тууралуу ал жазуучу Олжобай Шакирдин сот процессинде да айткан эле.
Жоомарт Карабаевге Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү, массалык баш аламандыкка чакырык боюнча айып тагылган.
Сүрөт: интернет булактары