Жоомарт Карабаев дагы бир айга камакта калтырылды

  • 4 недели мурун

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Илимдер академиясынын мурдагы кызматкери, активист Жоомарт Карабаевди 19-сентябрга чейин камакта калтырды.

Бул тууралуу укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова Фейсбук баракчасында билдирди.

Абдирасулова 46 күндөн бери камакта жаткан Карабаевди бошотууну талап кылды.

“Улуттук Илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаев атайын кызматтын кызматкеринин талабы менен экспертизага оң баа берүүдөн баш тартканын эске сала кетейин. Андан кийин ал УИАдан кызматтан алынган. Андан дагы бир аздан кийин Жоомарттын өзүн массалык баш-аламандыкка үндөөгө айыптап, камап коюшту. Андан дагы, Жоомарт экспертиза жасоодон баш тарткан берене менен эми өзү айыпталууда, ал иш боюнча корутундуну Жоомарт даттанган кызматкер берген. Жоомартты куугунтуктоону токтотууну жана үйүнө бошотууну талап кылам. Ошондой эле активисттерге жана акындарга карата УИА тарабынан эксперттик буйрутма корутунду берүүгө мажбурлоо жана буйрутма корутунду берүү фактысы боюнча иликтөө жүргүзүүнү талап кылам” деп жазды Гүлшайыр Абдирасулова.   

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Илимдер академиясынын мурдагы кызматкери, активист Жоомарт Карабаевди 19-августка чейин камакта калтыруу чечимин кабыл алган.

Буга чейин ал атайын мекеменин ишмердүүлүгү менен макул эместигин билдирип, бир катар иштер боюнча экспертизага катышуудан баш тарткан.

Карабаев Илимдер академиясы атайын кызматтын айтканы менен экспертиза берип жүргөнүн айтып келген. Бул тууралуу ал жазуучу Олжобай Шакирдин сот процессинде да айткан.

Жоомарт Карабаевдин адвокаты аны кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү, массалык баш аламандыкка чакырык боюнча айыптаганын билдирген. Адвокат аталган берене боюнча кылмышка шектенүүгө негиз жок деп эсептейт.  

Сүрөттө: Жоомарт Карабаев. «Кылым шамы»

     

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты