Жоомарт Карабаев абактан президентке кайрылды

  • 2 месяца мурун

Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери, активист Жоомарт Карабаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүсүнүн кысымына кабылганын айтып,  Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду.

Кайрылууну Карабаев жактоочусу Акынбек Ногойбаевден берген. Аны  укук коргоочу Азиза Абдирасулова Фейсбуктагы баракчасына жайгаштырды.

Жоомарт Карабаев кайрылууда мамлекет башчыдан мыйзамсыз козголгон кылмыш ишин  өз көзөмөлүнө алууну суранган.    

УКМК бул кайрылуу боюнча маалымат бере элек.

Жоомарт Карабаев абактан президентке кайрылды
Жоомарт Карабаев абактан президентке кайрылды

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Илимдер академиясынын мурдагы кызматкери, активист Жоомарт Карабаевди 19-сентябрга чейин камакта калтырды.

Буга чейин ал атайын мекеменин ишмердүүлүгү менен макул эместигин билдирип, бир катар иштер боюнча экспертизага катышуудан баш тарткан.

Карабаев Илимдер академиясы атайын кызматтын айтканы менен экспертиза берип жүргөнүн айтып келген. Бул тууралуу ал жазуучу Олжобай Шакирдин сот процессинде да айткан.

Жоомарт Карабаев кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү, массалык баш аламандыкка чакырык боюнча айыпталган. Адвокат аталган берене боюнча кылмышка шектенүүгө негиз жок деп эсептейт.  

Сүрөт: «Кылым шамы»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты