Жолдор жабылды. Жети-Өгүз жана Тоң райондорунда өзгөчө кырдаал жарыяланды    

  • 1 месяц мурун

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, Ак-Суу, Ысык-Көл, Тоң райондорунда жамгыр катуу жаады. Автоунаалардын жолго жүрүү санын азайтуу зарылдыгынан, жергиликтүү бийлик менен биргеликте иш алып барылып, Жети-Өгүз, Тоң райондорунда өзгөчө кырдаал  жарыяланды.

Бул тууралуу “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Саат 21:30га карата төмөнкү унаа жолдор убактылуу жабылды:

Григорьевка-Көл-Кашка-Суу унаа жолунун 0-16 км суу каптап, каттам жабылды (Григорьевка капчыгайына баруучу жол).

Бөкөнбаев-Көл-Төр-Дөң-Талаа унаа жолунун Көл-Төр-Коңур-Өлөң 42-43 км бөлүгү Тогуз-Булак айылына баруучу жол;

Ак-Сай-Көк-Сай унаа жолунда каттам жабык.

Ак-Терек-Дон-Талаа унаа жолунда каттам жабык.

Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун 60-70 км аралыгы жабылды (Кескен-Бел бөлүгү) жана бул унаа жолдун 58 чакырымда Кызыл-Туу айылындагы көпүрө авариялык абалда. Каттам чектелген.

Азыркы учурда транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын жол эксплуатациялоо ишканалары тарабынан атайын техниканын жардамы менен жолду тазалоо иш-аракеттери жүрүүдө.

18-августта саат 19:30 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Чолпон-Ата шаарындагы Тогуз-Булак сел өтүүчү каналы аркылуу топтолгон суу агып, каналдан ашып кетүү коркунучу жаралган.

Облус аймагындагы аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн жана ыкчам иш-чараларын жүргүзүү максатында райондук жана шаардык ӨКБнын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууга өттү.

Иллюстрациялык сүрөт: Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты