Жогорку соттун төрагалыгына бараткан Медербек Сатыев ким? 

Бүгүн, 23-октябрда, Жогорку Кеңеш Медербек Сатыевди Жогорку соттун төрагалык кызматына дайындоого макулдугун берди. Баш мыйзамга ылайык, президент Соттор кеңешинин сунушу боюнча, Жогорку Кеңештин макулдугу менен Жогорку соттун төрагасын 5 жылдык мөөнөткө дайындайт. 

“ПолитКлиника” Медербек Сатыевдин өмүр баянын талдап көрдү.

Жогорку соттун төрагалыгына бараткан Медербек Сатыев ким? 

Сүрөттө: Медербек Сатыев парламент макулдук бергенден кийин. 23-октябрь 2024-жыл. kenesh.kg

Медербек Сатыев — 50 жашта, Ош шаарында туулган. Укук таануу адистиги боюнча Кыргыз Улуттук Университетин аяктаган. Эмгек жолун 1995-жылы Ош облустук сот департамент бөлүмүнөн баштаган. 2005-2013- жылдар аралыгында райондук, облустук жана шаардык соттордо судья болуп иштеген. 

2013-жылы Медербек Сатыев “бийликти басып алууга” айыпталган ошол кездеги депутат Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытовду актаган судья катары да белгилүү. 

Жогорку соттун төрагалыгына бараткан Медербек Сатыев ким? 
Жогорку соттун төрагалыгына бараткан Медербек Сатыев ким? 
Жогорку соттун төрагалыгына бараткан Медербек Сатыев ким? 

 Скрин:  Nurjamal Djanibekova (ютуб)

Ошол кездеги Соттор кеңеши Сатыев менен Зулушевдин чечимин мыйзамсыз деп эсептеп, президентке кызматтан четтетүүнү сунушташкан. Анткени чечим кабыл алган судьялар коллегиясында Курманкул Зулушев да бар болчу.

Судьялык кызматтан четтетилгенден кийин аары багуу жана бал өндүрүү менен алек болгонун билдирген.

Жогорку соттун төрагалыгына бараткан Медербек Сатыев ким? 

Сүрөт: Интернет булактарынан

2020-жылы бийлик алмашкандан кийин, ал дароо кызматка ээ болгон. Тагыраагы, президенттин аппаратында аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалган. Кийин Жогорку сотко караштуу сот департаментинде директор, андан соң Жогорку соттун судьясы болгон. 

Медербек Сатыев 2015-жылы “Республика-Ата Журт” партиясынын курамында парламенттик шайлоого катышкан. Ал эми 2020-жылы “Мекенчил” партиясынын ишенимдүү адамы катары катталган.

Жогорку соттун төрагалыгына бараткан Медербек Сатыев ким? 
Жогорку соттун төрагалыгына бараткан Медербек Сатыев ким? 

Баш сүрөт: Медербек Сатыевдин социалдык тармактагы баракчасынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты