Жогорку Кеңеште укук бузуулар жөнүндө кодексине киргизилип жаткан өзгөртүүлөр каралды. Ким кандай добуш берди?

  • 2 часа мурун

Бүгүн, 23-октябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген мыйзам долбоорун депутаттарга юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков тааныштырды.

Жалпыга маалымдоо каражаттарында, Интернет тармагындагы сайтта же Интернет тармагындагы сайттын баракчасында камтылган мазактоожеке жактарга – 1000 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 2000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

Мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда депутат Дастан Бекешев сунушталып жаткан айыппулдун өлчөмү негизсиз жогору экенин айтып, мыйзам долбооруна каршы пикирин билдирди.

Ал эми депутат Дастанбек Жумабеков мыйзам долбоору Конституциянын 29, 32-беренелерине каршы келиши мүмкүн деди. Депутат Нурбек Сыдыгалиев чет өлкөдө жүрүп, Интернет аркылуу жалаа жаап жаткан адамдарга чара көрүү механизмдерине кызыкты. Эл өкүлү Эльвира Сурабалдиева айыппулдун өлчөмү калктын кирешесине жараша болушу керектигин белгиледи.

Муну менен катар эл өкүлү Жанарбек Акаев мыйзам долбоорунда көрсөтүлгөн укук бузууларга Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги эмес, сот органдары юридикалык баа бериши керектигин белгиледи. Ошондой эле эл өкүлү айып пулдун көлөмүн азайтууну же таптакыр алып салууну сунуштады.

Мыйзам долбоору биринчи окууда колдоого ээ болду.

Жогорку Кеңеште укук бузуулар жөнүндө кодексине киргизилип жаткан өзгөртүүлөр каралды. Ким кандай добуш берди?

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты