Жогорку Кеңеште Исхак Раззаков атындагы мамлекеттик орденди түптөө сунушталды

  • 3 недели мурун

Депутат Миргүл Темирбаева таза иштеген мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге, ошондой эле өнүгүүгө салым кошкон ишкерлерге Исхак Раззаков атындагы мамлекеттик орденин тапшырууну сунуштады. Депутат сунушун Жогорку Кеңештин 31-октябрдагы отурумунда айтты.

Миргүл Темирбаеванын айтымында, Искак Раззаков атындагы мамлекеттик сыйлык ак ниет кызмат кылган, таза иштеген мамлекттик жана муниципалдык кызматкерлерге жана өзгөчө өндүрүштө, өлкөгө өзүнүн салымын кошкон жеке ишкердик менен алектенгендерге гана ыйгарылат.

«Ошого байланыштуу Исхак Раззаковдун атын түбөлүк калтыруу жана Кыргыз республикасынын эгемендигин чыңдоого жана мамлекетти башкарууда адал, ак ниет, таза эмгеги үчүн, өзгөчө Кыргыз индустриясынын өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн кызматкерлердин ак эмгегин белгилөө максатында, Кыргыз республикасынын баатыры «Исхак Раззаков атындагы орден» мамлекеттик сыйлыгын негиздөөнү сунуш кылам»,- деген депутат айым кайрылуусунда.

Депутат айым Нурланбек Шакиевди жана депутаттарды жогоруда айтылган мамалекеттик сыйлыкты мамлекеттик сыйлыктар катарына кошуу маселесин колдоп берүүсүн суранган.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты