Жогорку Кеңеш Улуттук банктын 2023-жылдагы иши жөнүндө отчетун укту

  • 3 месяца мурун

Бүгүн, 27-июнда, Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук банктын 2023-жылдагы иши жөнүндө отчету угулду.

Улуттук банктын кечээ шайланган төрагасы Мелис Тургунбаев маалымат берди. Ал өз сөзүндө Улуттук банктын акча-кредит саясатынын негизги багыттарына, ошону менен бирге банк секторунун учурдагы абалы жана өнүгүү тенденцияларына кеңири токтолду.

Жыйынтыгында Улуттук банктын 2023-жылдагы иши жөнүндө төраганын отчету жактырылып, Жогорку Кеңештин тиешелүү токтом долбоору кабыл алынды.

Отчет дээрлик талкуусу жок кабыл алынды. Депутат Исхак Масалиев Жогорку Кеңештин полномочиелеринин бири Улуттук банктын төрагасын шайлоо болгондуктан, төрагага суроо берип, талкуу уюштурулса, жакшы болмоктугун белгиледи.  Депутат Арсланбек Малиев банк кирешеси тууралуу, депутат Эльдар Абакиров Улуттук банктын башкаруу кеңешинин 7 адамы ай сайын миллион сомдон алып турганы, неге айлык акынын жогору экенине жооп алсак болмоктугун билдирди.     

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты