Жогорку Кеңеш Улуттук банк төрагалыгына Мелис Тургунбаевди шайлады

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 26-июнда, Жогорку Кеңеш Улуттук банктын төрагасы кызматына Мелис Тургунбаевди шайлады. Тургунбаевдин талапкерлигин президент Садыр Жапаров сунуштаган.

Буга чейин Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети кезексиз жыйын өткөрүп, анда комитет тарабынан Улуттук банктын төрагасы кызматына Мелис Тургунбаевдин талапкерлиги колдоо тапкан.

Мелис Тургунбаев буга чейин Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп иштеп келди. Ал бул кызматтан бүгүн, 26-июнда бошотулду.

Бүгүн, 26-июнда, Жогопку Кеңештин жалпы жыйынында Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаевдин кызматтан өз каалоосу боюнча кетиши тууралуу маселе каралды. Парламент көпчүлүк добуш менен Кубанычбек Бөкөнтаевдин кызматтан кетишине макулдук берди.

Сүрөт: Мелис Тургунбаев солдо. kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты