Жогорку Кеңеш Сыргабаев менен Машиевди министрлик кызматка дайындоого макулдук берди

  • 2 недели мурун

Бүгүн, 4-сентябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматына Медер Машиевди жана транспорт жана коммуникациялар министри кызматына Абсаттар Сыргабаевди дайындоого макулдук берди.

Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов министр кызматына талапкерлер тууралуу маалымат берди. 

Талкуунун жүрүшүндө депутаттар экологиялык коопсуздук жана курчап турган чөйрө, автомобиль жолдорун куруу жана оңдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.

Жогорку Кеңештин тиешелүү токтомдору кабыл алынды.

Садыр Жапаров Азис Сапаралиевди жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдетин аткаруудан бошотуп, анын ордуна Медер Машиевди дайындаган.

11-июлда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жамаатына министрдин милдетин аткаруучу Абсаттар Сыргабаевди тааныштырган.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты