ЖМК: Иран Израилди ракета менен аткылады  

1-октябрь күнү кечинде Иран Израилди ракета менен аткылады. Алар бул сокку ХАМАС лидери Исмаил Ханиянын, Ливанда “Хезбалланын” лидери Хасан Насралланын  өлтүрүлүшүнө жооп катары болгондугун белгилешти.

“Эгер Израил соккуга жооп берсе, анда андан дагы кыйраткыч чабуулга туш болот” деп эскертти Ирандын бийлиги.    

ЦАХАЛ  жетекчилиги жарандарды сак болууга, аскерлердин инструкцияларын так сактоого чакырды. Израилдин аймагында абадан коргонуу боюнча эскертүүлөр берилүүдө.   Жарандарды бомбадан баш калкалоочу жайларда сактанууга чакырык болууда.  

“ЦАХАЛ Израилдин тынч жаткан тургундарын коргоого бардык зарыл болгон аракеттерди жасайт” деп айтылат Израилдин Коргоо аскеринин билдирүүсүндө.

Израил ЖМКсы жазгандай, ракеталык аткылоо бир нече толкун менен болду.  Израилдин Бен-Гурион эл аралык аэропорту убактылуу жабылды.  

Ирандын Израилди ракета менен аткылоосунан бир адам мерт кеткени айтылды.

Сүрөт: golosameriki.com

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты