ЖМК: Бийликти басып алууга шектелип кармалгандардын биринин үйүнөн ЖК депутатынын аскердик билети табылган

  • 3 месяца мурун

5-июлда бийликти басып алууга шектелип кармалгандардын биринин үйүн тинтүү учурунда Жогорку Кеңештеги «Ынтымак» фракциясынын лидери Марлен Маматалиевге таандык аскердик билет табылган. Бул тууралуу «Кактус Медиа» күч түзүмүндөгү булактарына таянып жазды.

Депутат Маматалиев социалдык тармактагы баракчасына ЖМКдагы маалымат боюнча комментарий берип, 2010-жылдагы башаламандык учурунда аскердик билети, паспорту, диплому жана башка документтери жоголгонун жазды.

Анын айтымында, кийин ал документтерин кайра калыбына келтирген. Бирок алар 2020-жылдагы Октябрь окуясында Жогорку Кеңештеги сейфинен кайрадан жоголгон.

«Бул кылмышкерлерге эч кандай тиешем жок. Балким, алар ошол мезгилдеги парламентте сейф бузгандар болушу мүмкүн. Алар бул үчүн да жооп бериши керек«, — деп жазды Маматалиев.

УКМК 5-июлда Кыргызстанда бийликти күч менен басып алууну пландаган деген шек менен адамдардын тобу кармалганын кабарлаган.

Сүрөт: Жогорку Кеңеш

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты