ЖК комитетинде Ысык-Көл аймагында гидроцикл пайдаланууга тыюу салуу мыйзам долбоору каралды

  • 2 дня мурун

Бүгүн, 17-сентябрда, Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин отурумунда «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ɵзгɵртүүлɵрдү киргизүү тууралуу («Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу ɵнүктүрүү жөнүндө» мыйзамга, укук бузуулар жөнүндө кодексине)» мыйзам долбоору каралды. 

Демилгечи – Жогорку Кеңештин депутаттары Элдар Сулайманов, Элмурза Сатыбалдиев, Нуржигит Кадырбеков, Бактыбек Сыдыков, Марлен Маматалиев.

Жогорку Кеңештин депутаты жана демилгечилердин бири Эльдар Сулайманов белгилегендей, сунушталып жаткан мыйзам долбоору Ысык-Көлдүн аймагында суу мотоцикли (гидроцикл) каражатын пайдаланууга тыюу салуу максатында иштелип чыкты.

Акыркы убакта жайкы туристтик сезондо Ысык-Көлдүн аймагында  суу мотоцикли (гидроцикл) катышкан кырсыктар көп катталып, анын кесепетинен эс алуучулардын арасында адам өмүрлөрү кыйылып жатканы түрткү болгонун билдирди.  

Талкуу учурунда депутат Исхак Масалиев мыйзам долбоору менен кайсы суу транспортторго тыюу салуу каралып жатканын тактады. Муну менен катар депутат тыюу салууну бир эле Ысык-Көлдө эмес, башка көлдөрдө жана суу сактагычтарда да колдонуу жагдайын белгиледи.

Депутат Элдар Абакиров мыйзам долбоорун колдоого алып, бир катар беренелер боюнча сунуштарын берди. Эл өкүлү Бахридин Шабазов мыйзам долбоорунун кабыл алынышы ишкерлерге тоскоолдук жаратып, айрымдарын жумушсуз калтырбайбы деген суроо салды.  

Депутат Чынберди Толонов мыйзам долбоорунун актуалдуулугун белгилеп, бирок ошол эле учурда туристтик жагдайга таасирин тийгизбейби деген маселеге токтолду. Балким суу мотоциклдерин колдонууга өзүнчө аймак уюштуруу сунушун берди. 

Аталган мыйзам долбоорун комитет биринчи окууда жактырды.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты