ЖК комитети Ысык-Көл аймагында гидроциклге тыюу салуу мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды

  • 2 дня мурун

Бүгүн, 14-октябрда, Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин отурумунда Ысык-Көл экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу ɵнүктүрүү жөнүндө мыйзамына, укук бузуулар жөнүндө кодексине мыйзам долбоору каралды. 

Демилгечи – депутаттар Эльдар Сулайманов, Элмурза Сатыбалдиев, Бактыбек Сыдыков, Марлен Маматалиев жана экс-депутат Нуржигит Кадырбеков.

Эльдар Сулайманов белгилегендей, сунушталып жаткан мыйзамдын долбоору Ысык-Көлдүн аймагында суу мотоцикли (гидроцикл) пайдаланууга тыюу салуу максатында иштелип чыкты.

Акыркы убакта жайкы туристтик сезондо Ысык-Көлдүн аймагында  суу мотоцикли (гидроцикл) катышкан кырсыктар көп катталып, анын кесепетинен эс алуучулардын арасында адам өмүрлөрү кыйылып жатканы түрткү болгонун билдирди.  

Талкууда депутат Жаныбек Кыдыкбаев бул тармакта иштеген жергиликтүү тургундардын жумушсуз каларын эске алып, мыйзам долбоорундагы тыюу салууларга каршылыгын билдирди. Ал бул багытта суу мотоциклдерин колдонуу эрежелерин жеткиликтүү иштеп чыгуу сунушун берди.

Комитет төрагасы Аманкан Кенжебаев туристтердин эс алуусун эске алып, суу мотоциклдерин коомдук пляждардан жана пансионаттардан башка аймактарда колдонууга уруксат берүү сунушун айтты.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты