ЖК комитети милицияны сүрөт-видеого тартып, тараткандарды жазалоо мыйзам долбоорун 1-окууда кабыл алды

Бүгүн, 22-октябрда, Жогорку Кеңештин кылмыш-жаза кодексине жана укук бузуулар жөнүндөгү кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору парламенттин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинде каралып, биринчи окууда кабыл алынды.  

Кыргызстанда коомдук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча милдеттерин аткарып жаткан укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана аскер кызматчыларынын ишине мыйзамсыз кийлигишип, фото жана видеого тартып, алардын ишин каралоо максатында материалдарды интернет сайттарга жарыялоого тыюу салуу сунушталды. Жаза катары жеке жактарга 5 миң сом айып пул салуу же 5-7 суткага камоо каралган.

Ошондой эле аталган мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушунда коомдук тартипти сактоо же коомдук тартипти бузууга бөгөт коюу боюнча кызматтык милдеттерди аткарып жаткан бийлик өкүлүнө же башка адамдарга каршылык көрсөтүү менен өзүнүн кызматтык, кесиптик ишин же коомдук милдетин аткарып жаткан адамга карата жасалса, 50 миңден 200 миңге чейин айып салууга же беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазалоо каралган.

Бул мыйзам долбоорун депутаттар Сүйүн Өмүрзаков, Винера Раимбачаева, Алишер Эрбаев, Кундузбек Сулайманов, Ырысбек Атажанов жазган.

Аталган мыйзам долбоорунун баяндоо бөлүгүндө «биздин коомчулукта укук коргоо органдарынын кызматкерлерине баш ийбөө, каршылык көрсөтүү, мазактоо, кемсинтүү, ошондой эле өз милдеттерин аткаруу учурунда алардын ишине мыйзамсыз кийлигишүү, өз алдынча фото жана видеого тартып, жаманатты кылып каралоо максатында социалдык тармактарга таратуу фактылары көбөйгөнү» айтылган.

Сынга кабылган аталган мыйзам долбоорун «ПолитКлиника» медиасы талдап көрдү (ВИДЕО)

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты