Жети-Өгүз жана Түп райондорунда дайынсыз болгон жарандар изделүүдө

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 1-августта, саат 8:00 чамасында Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын тургуну, 1951- жылы туулган С.Г. аттуу аял дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Анын бут кийими Чоң Кызыл-Суу» суусунун жээгинен табылган.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Маалыматта айтылгандай, жерине Жети-Өгүз районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 15 куткаруучу дрон аппараты менен жана райондук ички иштер бөлүмүнөн 14 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 15 адам тартылып, учурда издөө иштери жүрүүдө.

Ошондой эле 29-июль күнү саат 15:00 чамасында Түп районунун Ынтымак айылында 1978-жылы туулган Чүй облусунун тургуну М.С.С. аттуу жаран көлдүн жээгинде эс алып жүргөн жеринен дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат “102” кызматы тарабынан түшкөн.

Жериде Каракол шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 5 куткаруучу анын ичинен 3 суучул жана Түп райондук ички иштер бөлүмүнөн 6 кызматкер издөө иштерин жүргүзүүдө.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты