Жети-Өгүз районунда тогуз жашар кызды зордуктоого шектүүлөр кармалды

  • 2 дня мурун

Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында эки улан тогуз жашар кызды зордуктоого шектелип кармалды.

Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

9-сентябрда Жети-Өгүз районунун ички иштер бөлүмүнө Барскоон айылынын тургуну анын тогуз жашар кызын уруп, зордуктап кеткенин билдирип, арыз менен кайрылган.

Бул иш кылмыштардын бирдүү реестрине катталып, кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси, зордуктоо боюнча кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери шектүүлөрдүн тек-жайын аныктаган, алар 25 жаштагы О.А. жана 19 жаштагы Э.Э. болуп чыккан. Шектүүлөр Жети-Өгүз райондук соту тарабынан эки айга камалган.

Тергөө иштери жүрүп жаткандыгы айтылды.

Жети-Өгүз районунда тогуз жашар кызды зордуктоого шектүүлөр кармалды
Жети-Өгүз районунда тогуз жашар кызды зордуктоого шектүүлөр кармалды

Иллюстрациялык баш сүрөт: Интернет булактарынан

Сүрөттөр: ИИМдин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты