Жети-Өгүз: Чоң-Кызыл-Суунун деңгээли көтөрүлдү  

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 18-августта, саат 15:30 чамасында жааган жаандын кесепетинен Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы Чоң-Кызыл-Суу суусунун деңгээли көтөрүлүп, Москва көчөсүндө жайгашкан кашардын короосун суу каптады.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Маалыматта айтылгандай, ал жакка Жети-Өгүз райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ жана жарандык коргонуу комиссиясы барып, суунун нугун буруу үчүн Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн “Иштерман” муниципалдык ишканасынын казтамандуу экскаватору тартылды.

Ошондой эле Саруу айылындагы Чийдүү-Колот коктусунан келген сел суулары Жууку унаа жолун каптап өтүп, кум шагылга толтурган. Аталган ички чарбалык унаа жолун тазалоо иштери Кызыл-Суу айыл аймагына тапшырылып, жүктөгүчтүн жардамы менен кыян суунун кесепеттери жоюлду.

Сүрөт: ӨКМ

 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты