#ЖерТам: Жер көчкү көйгөйү түйшөлткөн Терек-Суу айылынын тургундарынын жашоосу

  • 1 месяц мурун

Кара-Кулжа районунун Капчыгай айыл өкмөтүнө караштуу Терек-Суу айылынын тургундары катаал шарттар боюнча айтып беришти. Алар Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бул айылды көчүрүлөт деген корутундунун айынан социалдык объекттер салынбай келгенин айтышты. 

Терек-Суу айылынын тургуну Шайлообай Мамаков айылдын көйгөйлөрү тууралуу айтып берди.

#ЖерТам: Жер көчкү көйгөйү түйшөлткөн Терек-Суу айылынын тургундарынын жашоосу

“Бул айылдагы башкы көйгөй — айылдын төш жагында жер көчкү болуп, эки-үч үй көчүп, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айыл көчүрүлөт деген корутунду чыгарган.1978-1979-жылдары жер көчкөн. Эми ошондон бери, кылымдан бери эл жашап эле келе жатат. Ошол корутунду кирип калгандан кийин объектилерди кура албай калат экенбиз. Мисалы, мектеп, маданий үй, мечит. Эгерде уруксат болуп калса, бизде дагы спорт зал, мектеп, мечит курганга жардам берели деген чыгаан инсандар бар. Бизде аба ырайы өтө эле катаал. Дагы жакшы бүгүн шамал жокто келдиңер. Эки-үч күн мурун келгенде бул жерде кантип жашасын деп кетмексиңер. 60-70 сантиметр кар жаайт. Карды шамал учуруп кетет. Жолубуз начар, райондун борборунан 36-37 чакырым алыстыкта турабыз. Ун, азык-түлүктөрдү күндүн жылуусунда жазга жеткидей кылып камдап алабыз. Антпесек жашоо кыйын”, — деди ал.

Терек-Суу айылынын мурдагы айыл өкмөт башчысы Алманбет Самиевдин айтымында, бул жерде кыш 6 айга созулат.

#ЖерТам: Жер көчкү көйгөйү түйшөлткөн Терек-Суу айылынын тургундарынын жашоосу

“Шартыбыз катаал, 6 ай кыш болот. Кыш болгондо кар көп түшүп, каттоо дагы оор болуп калат. Катаалдыгынын дагы бир себеби суулуу жерибиз жок. Эң негизгиси мал менен жашагандан кийин, чөптү зоонун түбүнөн чапкы менен чаап кайра ат менен сүйрөп жан багабыз. Катаал шартка 10 пайыз менен киргенбиз. Бизден 9-10 чакырым ылдый жайгашкан Чайылма айыл өкмөтү 20 пайыз менен кирген. Шартыбызды айта берсек деле арман”, — деди Самиев.

“Терек-Суу” орто мектебинин директору Жыргалбек Турганбаев окуу мекемесинин абалына токтолду.

#ЖерТам: Жер көчкү көйгөйү түйшөлткөн Терек-Суу айылынын тургундарынын жашоосу

“Биздин мектептин биринчи корпусу 1972-жылы, экинчи корпусу 1978-жылы курулган. Ошол мезгилден бүгүнкү күнгө чейин чейрек кылымдан ашык убакыт болду. Ошол убакыттан бери мектеп бир гана жолу капиталдык ремонттон өттү. Учурда жаңы мектепке муктажбыз. Анткени мектеп авариялык абалда. Мектептеги учурдагы каржылоо саясаты бизге кедергисин тийгизди. Анткени бизде окуучунун саны аз болгонуна байланыштуу ремонт иштеринде бир топ өкүнүчтүү нерселер болуп жатат. Аз суммадагы акча бөлүнөт. Мындан улам демөөрчүлөр менен иштешүүгө туура келип жатат”, — деди Турганбаев.

Анын айтымында, бул айылдын тарыхында бала бакча жана спорт зал болгон эмес.

#ЖерТам: Жер көчкү көйгөйү түйшөлткөн Терек-Суу айылынын тургундарынын жашоосу

“Биздин айылда ушул мезгилге чейин бала бакча менен спорт зал болгон эмес. Айылдын тарыхында болгон эмес. Спорт зал, бала бакча салуу үчүн биринчи кезекте бизге жолтоо болуп жаткан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин корутундусу”, — деди ал.

Айылдын жашоочулары быйыл көйгөйлөрү чечилип калат деген үмүттөрү бар экенин айтышты.

#ЖерТам: Жер көчкү көйгөйү түйшөлткөн Терек-Суу айылынын тургундарынын жашоосу

”Эгерде ушул корутунду жокко чыгарыла турган болсо, биздин айылга дагы жаңы мектеп, бала бакча, спорт зал салынмак. Балдарыбыз үйдөн келген боюнча эле мектепке келип тарбия алып жатышат. Бала бакча деген тепкич болбой жатат”, — деди Жыргалбек Турганбаев.

Шайлообай Мамаков бул маселе боюнча тийиштүү жерлерге кайрылышканын билдирди.

“Курултайда дагы бул маселе көтөрүлгөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө дагы кайрылганбыз. Жакшы жыйынтык чыгып калат деген үмүттө турабыз. 2024-жылы ушул көйгөйдөн чыгып калабыз деген үмүттө жашап жатабыз”, — деди Мамаков. 

#ЖерТам: Жер көчкү көйгөйү түйшөлткөн Терек-Суу айылынын тургундарынын жашоосу

Бул материал «Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосу менен даярдалды. Мазмуну «ПолитКлиника» медиасынын жоопкерчилиги болуп саналат жана «Сорос-Кыргызстан» фондунун көз карашын билдирбейт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты