Жергиликтүү кеңештерге шайлоолор: Саат 16га карата 18,66% шайлоочу добуш берди
- 3 часа мурун
Бүгүн Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Борбордук шайлоо комиссиясы саат 16:00гө карата шайлоо участкаларында шайлоочулардын катышуусу тууралуу маалымат берди.
Бардык жергиликтүү кеңештерге шайлоого саат 16:00гө карата шайлоочулардын 18,66%ы добуш берди. Бул 771 767 шайлоочуну түзөт. Ал эми шайлоочулардын жалпы саны — 4 135 039.
Шаардык кеңештерге шайлоолор саат 16:00гө карата 16,46%ды түздү.
Айылдык кеңештерге шайлоолор саат 16:00гө карата 20,08%ды түздү.
Аралыктан добуш берүү саат 16:00гө карата 47.18%ды түздү.
Бүгүн, 17-ноябрда, Бишкек жана Ош шаарларына, Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолор өтүп жатат.
Бүгүнкү күнү өлкө боюнча 2437 шайлоо участогу ачылып, 27 327 шайлоо участогунун мүчөлөрү ишке тартылды. Жергиликтүү кеңештерге 4 135 039 шайлоочу катышат. Шайлоочулар тууралуу маалыматты Тизме порталынан алууга болот.
33 шаардык кеңешке 993 депутат жана 231 айылдык кеңешке 5391 депутат шайланат.
Аралыктан добуш берүү үчүн 10 шайлоо участогу ачылды. Аралыктан добуш берүүгө 9050 арыз түштү .Кечээ, шайлоо имараттарынан сырт жакта добуш берүү иши жүрдү. Анда өлкө боюнча 9536 арыз түшүп, 8167 шайлоочу добуш берди.
Шаардык кеңештерге шайлоого 39 саясий партия катышууда, алар 4822 талапкер көрсөттү. Орто эсеп менен алганда бир мандатка төрт талапкер көрсөтүлдү.
Шайлоо бюллетениндеги талапкер партиялар арасынан «Социал-демократтар» партиясы чийилди.
14-ноябрда Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясы «Социал-демократтар» партиясын Бишкек шаардык кеңешке шайлоого катышуудан четтетүү чечимин кабыл алганы белгилүү болгон.
Ал эми Ички иштер министрлиги (ИИМ) жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына аттанган “Социал-демократтар” саясий партиясынын жетекчиси Темирлан Султанбековдун жана партиянын айрым мүчөлөрүнүн шайлоочулардын добуштарын сатып алууга шектелип, кармалганын билдирген.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан