Жергиликтүү кеңештерге шайлоо: «Социал-демократтар» партиясы шайлоо бюллетенинен чийилди

  • 7 часов мурун

Бүгүн, 17-ноябрда, өлкөдө жергиликтүү кеңештерге шайлоолор өтүүдө. Шайлоо бюллетениндеги талапкер партиялар арасынан «Социал-демократтар» партиясы чийилди.

«Мыйзамдуу иликтөөсүз жана соттун өкүмүсүз бизди шайлоодон четтетүү — күнөөсүздүк презумпциясын, демократиялык принциптерди жана биздин укуктарыбызды одоно бузуу экенин эскертебиз. Өзүнүн шайлоого катышуусун коргоо үчүн “Социал-демократтар” саясий партиясынын жетиштүү сандагы аргументтери жана далилдери бар. Биз таза жана ачык шайлоону жактайбыз» деп «Социал-демократтар» партиясы билдирүү тараткан.

«Социал-демократтар» мыйзам боюнча талаштуу чечим чыккандан кийин үч күндүн ичинде арыз берүүгө укуктуу экенин жана 17-ноябрда БШКга арыз берээрин айтышкан.

БШК мүчөсү Абдыжапар Бекматов талапкерлердин шайлоого катышуусун аймактык шайлоо комиссиясы чечерин билдирип, «социал-демократтардын» шайлоо бюллетенинен чийилип салышын Kaktus media басылмасына мындайча комментарийледи:

”Социал-демократтарды” шайлоо тизмесинен чыгаруу чечимине каршы даттануу болгон жок, алар бюллетенден чийилди. Аймактык шайлоо комиссиясынын чечими күчүндө, даттанышсын” деп билдирди Бекматов.        

14-ноябрда Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясы «Социал-демократтар» партиясын Бишкек шаардык кеңешке шайлоого катышуудан четтетүү чечимин кабыл алганы белгилүү болгон.

Ал эми Ички иштер министрлиги (ИИМ) жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына аттанган “Социал-демократтар” саясий партиясынын жетекчиси Темирлан Султанбековдун жана партиянын айрым мүчөлөрүнүн шайлоочулардын добуштарын сатып алууга шектелип, кармалганын билдирген.

Иллюстрациялык сүрөт. Интернет булактарынан

         

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты