Жергиликтүү кеңештерге шайлоо: Саат 20:00гө карата 27,83% шайлоочу добуш берди

  • 8 часов мурун

Бүгүн Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өттү. Борбордук шайлоо комиссиясы саат 20:00гө карата шайлоо участкаларында шайлоочулардын катышуусу тууралуу маалымат берди.

Бардык жергиликтүү кеңештерге шайлоого саат 20:00гө карата шайлоочулардын 27,83%ы добуш берди. Бул 1 150 931 шайлоочуну түзөт. Ал эми шайлоочулардын жалпы саны — 4 135 039.   

Шаардык кеңештерге шайлоолор саат 20:00гө карата 24.25%ды түздү.

Айылдык кеңештерге шайлоолор саат 20:00гө карата 30.15%ды түздү.

Аралыктан добуш берүү саат 20:00гө карата 52.11%ды түздү.

Бүгүн, 17-ноябрда, Бишкек жана Ош шаарларына, Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолор өттү.

Бүгүнкү күнү өлкө боюнча 2437  шайлоо участогу ачылып, 27 327 шайлоо участогунун мүчөлөрү ишке тартылды. 33 шаардык кеңешке 993 депутат жана 231 айылдык кеңешке 5391 депутат шайланат.

Аралыктан добуш берүү үчүн 10 шайлоо участогу ачылды. Аралыктан добуш берүүгө 9050 арыз түштү. Кечээ, шайлоо имараттарынан сырт жакта добуш берүү иши жүрдү. Анда өлкө боюнча 9536 арыз түшүп, 8167 шайлоочу добуш берди.

Шаардык кеңештерге шайлоого 39 саясий партия катышты, алар 4822 талапкер көрсөттү. Орто эсеп менен алганда бир мандатка төрт талапкер көрсөтүлдү.

Шайлоо бюллетениндеги талапкер партиялар арасынан «Социал-демократтар» партиясы чийилди.

14-ноябрда Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясы «Социал-демократтар» партиясын Бишкек шаардык кеңешке шайлоого катышуудан четтетүү чечимин кабыл алганы белгилүү болгон.

Ал эми Ички иштер министрлиги (ИИМ) жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына аттанган “Социал-демократтар” саясий партиясынын жетекчиси Темирлан Султанбековдун жана партиянын айрым мүчөлөрүнүн шайлоочулардын добуштарын сатып алууга шектелип, кармалганын билдирген.

Сүрөт: «ПолитКлиника». 17-ноябрь, 2024-жыл.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты