Жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоо: Шайлоочулардын 2,77%ы добуш берди

  • 8 часов мурун

Кыргызстанда жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Борбордук шайлоо комиссиясы саат 10.00гө карата шайлоо участкаларында шайлоочулардын катышуусу боюнча маалымат берди.

Жалпысынан жергиликтүү кеңештерге саат 10:00гө карата шайлоочулардын 2,77%ы добуш берди. Анын ичинде шаардык кеңешке 2,53%, айылдык кеңешке 2,91%, аралыктан шайлоого 16,11%.

Шайлоочулардын жалпы саны 4 135 039. Добуш бергендердин саны — 114, 348.

33 шаардык кеңешке 993 депутат жана 231 айылдык кеңешке 5391 депутат шайланат. Шаардык кеңештерге шайлоого 39 саясий партия катышууда, алар 4822 талапкер көрсөттү. Орто эсеп менен алганда бир мандатка төрт талапкер көрсөтүлдү.    

Сүрөт: shailoo.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты