Жер жана суу транспорт департаментинин башкы инспектору 200 миң сом пара берүүгө шектелип кармалды (Видео)

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен “Жаңы-Арык” транспорттук көзөмөл постунун башкы инспектору О.Н.Ш. кармалды.

УКМК басма сөз кызматынын маалыматында айтылгандай, июль айында салмак-габариттик көзөмөлдүн башкы инспектору О.Н.Ш. айдоочуларга айып төлөөдөн качууга көмөк көрсөтүү жана кылмыш ишин козгоодон баш тарттыруу үчүн атайын кызматтын кызматкерине 200 миң сом пара сунуштаган.

Бул факт боюнча кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси, пара берүү боюнча кылмыш иши козголду.

2024-жылдын 20-июлунда кылмыш иштин алкагында 200 миң сом өлчөмүндө пара которуп жаткан жеринен транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы жер жана суу транспорт департаментинин транспорттук көзөмөл кызматынын башкы инспектору О.Н.Ш. кармалды.

 Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты