Жер көчкү коркунучу бар аймактарда 3817 үй-бүлө жашайт

  • 1 неделя мурун

Кыргызстанда ушул тапта 3817 үй-бүлө жер көчкү коркунучу бар аймактарда жашап жатышат. Анын ичинде 2396 үй-бүлө Ош облусунда.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын 6-сентябрдагы жыйынында билдирди.

«Ушул тапта жер көчкү коркунучу бар кооптуу аймактарда жалпы 3817 үй-бүлө жашап жатышат. Анын ичинде 2396 үй-бүлө Ош облусунда болсо, мунун көпчүлүгү — 1300 үй-бүлө бир эле Өзгөн районунда. Калгандары Ош шаарында, Баткен жана Жалал-Абад облустарында. Кооптуу аймактарда жашаган үй-бүлөлөрдүн баарына колуна эскертүү берилип, коопсуз жакка көчүү сунушу берилген. Бирок «кудай сактасын» деп коюп, эле кетпей жашап жатышат. Айрымдары коопсуз жакка көчөбүз деп убагында ссуда акча алып алышкан. Аларды сот аркылуу көчүрүү гана аргабыз калды» деди Кулматов.

Фракция мүчөсү Таалайбек Сарыбашев Ош облусунда жер көчкү жүрүп, коопсуз жактарга көчүрүлгөн жарандардын арасында да кайра эле мурдагы кооптуу аймакка барып жашап жаткандары да бардыгын айтып, аларды мыйзам алкагында мажбурлап көчүрүү зарылдыгын эскертти.

“Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынын 6-сентябрдагы жыйынында быйылкы сел, суу ташкындарынан жабыркаган аймактарга, жарандарга мамлекет тарабынан берилип жаткан жардамдар, жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан даярдыктар тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) маалымат берип жатат.

Министрдин орун басары Эделбек Кулматовдун депутаттарга билдиргенине караганда, 2024-жылдын башынан бери өлкөдө 331 сел жүргөн учур катталган. Сел 3 752 үйдү, 84 соцмекемени каптады. Жаратылыш кырсыгынан 411 чакырым жол, 29 чакырым каналдар жабыркады. 99 турак-жай таптакыр жараксыз болуп калган.

Селден 22 адам каза болду. Кырсыктын кесепетинен келтирилген чыгым 1 млрд 255 млн сом деп бааланууда.

ӨКМ мурдараак 2024-жылы Кыргызстанда селдин саны рекорддук чекке жетип, 300дөн ашканын, алты ай ичинде табигый жана техногендик кырсыктардан 1 миллиард 900 миң сом зыян келтирилгенин маалымдаган.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты