Жээгинен ашып ага баштаган Көл-Төрдүн суусу агызылууда

  • 1 месяц мурун

Чүй районунун Кегети капчыгайында жайгашкан, деңиз деңгээлинен 2725 метр бийиктиктеги Көл-Төр көлүнүн деңгээли Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) куткаруучулары тарабынан азайтылууда. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Көл-Төрдүн суусу мөңгүлөрдүн эрүүсүнөн жана жааган жамгырдан улам көбөйүп, жээгинен ашып ага баштаган. Мындан улам куткаруучулар 2 күн катары менен сифон ыкмасында 150-диаметр болгон 130 метрлик гофро түтүктөрүн 3 катар орнотуп, көл суусун агыза башташкан.

Көлдүн суусу көбөйсө дагы, анын табигый дамбасы эрозияга учураган эмес жана кооптуулук байкалган эмес айтылат ӨКМнын билдирүүсүндө.

Сүрөт: Интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты