Жеңил унаа чогултуучу жана тор буюмдарын чыгаруучу ишканаларды онлайн ачуу аземи болду

  • 2 месяца мурун

Президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга мамлекеттик сапарынын алкагында бүгүн, 18-июлда, Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекет башчыларынын катышуусунда кыргыз-өзбек биргелешкен долбоорлорунун онлайн ишке киргизүү аземи болуп өттү.

Бул тууралуу КР президентинин сайтында маалымат берилди.  

Анда айтылгандай, эки өлкөнүн лидерлери Кыргызстанда коммерциялык техниканы жана жеңил унааларды чогултуучу заводду расмий түрдө ишке киргизишти. Аймактын аянты 4,7 гектарды түзөт. Завод 500 адамды иш менен камсыз кылат.

Ошондой эле Кара-Балта шаарындагы кездеме жана тигүү-тор буюмдарын чыгаруучу заводу ишин баштады. Комбинаттын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 17 миң тонна трикотаж кездеме жана 7 миллион даана трикотаж продукциясын чыгарууга эсептелген.

Мындан тышкары, өндүрүлгөн электр энергиясы менен Кыргызстанды камсыз кылуу максатында Өзбекстандын Фергана жана Наманган облустарында ар биринин кубаттуулугу 200 МВт болгон эки фотоэлектр станциясынын курулушу башталды.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты