Жашыруун иштеген балдардын диний эки лагеринин иши токтотулду

  • 2 месяца мурун

Диний эки балдар лагеринин көмүскө иши аныкталып, аларга бөгөт коюлду.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматта айтылгандай, аталган лагерлер өз ишмердүүлүгүн дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын каттоосунан өтпөстөн жүргүзгөндүгү аныкталды.  Анда 6-17 жаштагы 110 бала (балдар жана кыздар) билим алган.

Жашыруун лагерлердин уюштуруучусу кыргыз жараны А.А.А., 1992-жылы Тажикстанда туулган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган лагерде санитардык-эпидемиологиялык нормаларды, билим берүү программаларын ж.б. сактоо боюнча мыйзам бузуулар аныкталды.

Учурда аталган балдар диний лагеринин ишмердүүлүгү токтотулуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

УКМК “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө» мыйзамынын 5-беренесинин 4-пунктуна ылайык, балдарды диний уюмдарга тартууга жол берилбей турганын эске салат.  

Ошондой эле ата-энелерге балдарын ар кандай диний мекемелерге, анын ичинде балдардын диний лагерлерине берээрден мурун, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык диний объекттин иштешин камсыз кылууну эскертет.

Ал эми тергөө аяктагандан кийин уюштуруучулардын аракеттерине юридикалык баа берилери айтылды.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты