Жетим балдар жашы жеткенде 500 миң сомдон алышат

  • 2 месяца мурун

Мындан ары жетим балдар 18 жашка чыкканда мамлекеттен 500 миң сомдон алышат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова маалымат жыйынында билдирген.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын июль айынан баштап Садыр Жапаровдун демилгеси менен жетим балдар үчүн “Келечекке салым” топтоо эсеби ишке киргизилген. Жылдыз Полотованын айтымында, аталган каражатты жетим балдар билим алуу үчүн жана ипотекага баштапкы төлөм катары колдоно алышат. Ошондой эле, ал балдар менен иштей турган 550 жаңы социалдык кызматкерден турган штаттык бирдикти ачуу пландалып жаткандыгын кошумчалаган.

Сүрөт: Эмгек министрлигинин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты