Жасалма интеллект жана фейк маалымат тараткандарды жазалоо мыйзам долбоору сунушталды

  • 7 дней мурун

Жеке мүнөздөгү маалымат тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү жана кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү, жасалма интеллект жана  фейк маалымат тараткандарды жазалоо боюнча мыйзам долбоору талкууга чыгарылды.  

 Мыйзам долбоорун депутат Арсланбек Малиев демилгелеген.

Мыйзам долбоорунун негизги максаты жарандардын конституциялык укуктарын жасалма контентти генерациялоонун технологияларын ак ниетсиз пайдалануудан коргоо жана жалган маалыматтын таралышына жол бербөө, маалыматтык ресурстарга ишенимди сактоо болуп саналары белгиленген.

Мыйзам долбоорунда жеке маалымат субъектинин макулдугусуз сүрөттөрдү, аудио, видео, виртуалдык сценаларды жана башка маалыматтарды түзүү үчүн маалыматтарды иштеп чыгууга тыюу салынат, буга кошуп;

 а) текстти кепке айландырууга, үндү өзгөртүүгө, үн атрибуттарын редакциялоого;

б) жүздөрдү жаратууга генерациялоого, каармандардын атрибуттарын редакциялоого, жүздөрдү манипуляциялоого, позаларды (дененин турушун) манипуляциялоого жана сүрөттөрдө жана видеоконтентте жүздөрдү жана башка биологиялык өзгөчөлүктөрдү түзүү же редакциялоо үчүн башка технологияларга;

в) сүрөттү жакшыртууга, сүрөттү калыбына келтирүүгө жана сүрөттөрдүн жана видеоконтенттин биологиялык эмес өзгөчөлүктөрүн редакциялоого;

г) виртуалдык сценаларды түзүү же редакциялоо технологиясы боюнча үч өлчөмдүү реконструкциялоого тыюу салуу сунушталды.

Жеке маалыматтарды иштетүү үчүн машиналык окутуунун жана жасалма интеллекттин негизинде контентти синтездөө технологиясы аркылуу алынган жеке маалыматтарды камтыган адам жөнүндө маалыматты анын макулдугусуз пайдалануу жана жайылтуу,

-бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салуу менен жазаланат.

Эл алдында сүйлөп жатып, жалпыга маалымдоо каражаттарында же телекоммуникация тармактарын пайдалануу менен, анын ичинде интернет аркылуу, ошондой эле бул адам тарабынан кызматтык иш-аракеттерди жасоого байланыштуу адамга же анын туугандарына карата жасоо, же мындай ишке жол бербөө же ал үчүн өч алуу максатында кесиптик же коомдук милдетти  аткаруу, —

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен жазаланат.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты