Жаратылыш министрлиги мыйзамсыз көмүр казгандарга айып пул салды

  • 3 недели мурун

Экология жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Ак-Моло аймагында уруксат берүүчү документи жок көмүр кенин казып жаткан үч учур аныкталган. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди.

Маалыматта айтылгандай, инспекторлор тарабынан кен казуу иштери токтотулган. Ошондой эле Укук бузуу жөнүндөгү кодекстин 243- беренесинин 4-бөлүгүнүн негизинде протокол түзүлүп, кен казгандарга 22 миң 500 сом айып пул салынган.

Сүрөт: mnr.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты